• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Кувейттин жаңы Эмирине агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Эмирине телеграмма жолдоп, анда шейхтин агасы Сабах Аль- Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Улуу Урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Кудай анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же Кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул — бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий