• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Кыргыз армиясы кадам сайын өнүгүп, аброюн бекемдөөдө

Президент 0

Бишкек, 29-май /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргыз армиясы өлкөбүз менен бирге кадам сайын өнүгүп, чыңдалып жана аброюн бекемдеп келет. Бул тууралуу бүгүн КР Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада Президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, куралдуу күчтөр жаңыланып, заманбап аскердик инфраструктура түзүлүүдө.

“Көз карандысыздык жылдарынан бери алгачкы ирет жаңы аскердик объекттерди: чек ара бекеттерин, отряддарды, аскер бөлүктөрүн курууга, аскердик окууларды, мундирлөө өткөрүүгө каражаттарды бөлүп баштадык. Эң опурталдуу социалдык көйгөй – аскер кызматкерлеринин турак жайы маселесин чечүүгө кириштик. Бүгүнкү күнү 34 объекттин курулушу аяктады. Мындан тышкары, кошумча 37 турак объекттисин куруу пландалууда”, - деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, мамлекет башчы көрүлгөн чаралар аскер кызматынын аброюн кайтарууну шарттагандыгын белгиледи. Армияга кызмат өтөөнү каалагандардын саны өстү. Ошондой эле, чакырылгандар контингентинин сапаты жакшырды. Аскердеги 30% солдат бүгүнкү күнү жогорку билимдүү.

“Мындан тышкары согушка даярдык тууралуу жакшы пикирлерди эл аралык өнөктөштөрүбүздөн угуп жатабыз. Жамааттык коопсуздук тутумунун алкагында жүргүзүлгөн окуулар жана текшерүүлөр армиябыздын потенциалы өсүп жатканын күбөлөндүрөт. Биз бул жылдары Куралдуу күчтөрдүн абалы кандай түрдө өзгөргөндүгүн, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү чыңдалганын көрүп турабыз”, - деди Президент.

Пикир

Оставить комментарий