• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент: Кыргызстан бөтөн жерге көз артпайт, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

Президент 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. "Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз", - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар экендигин айтты.

"Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз.

Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Өлкө башчы бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат деди.

"Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө, чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз", - деп билдирди президент.

Пикир

Оставить комментарий