• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Кыргызстан - Бириккен Улуттар Уюмунун ишенимдүү өнөктөшү

Президент 0


Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен чогуу белгилеп жатканыбыздын терең символикалык мааниси бар. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги" форумунда билдирди.

Анын айтуусунда, биздин Тышкы иштер министрлигинин башаты - Кыргыз ССРинин Тышкы иштер эл комиссариаты 1944-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты жана оор согуш учурунда түзүлгөнүнүн себеби - биздин Бириккен Улуттар Уюмуна тең укуктуу мүчө катары кирүүгө умтулуубуз болгон.

"Тилекке каршы, 1945- Бириккен Улуттар Уюму түптөлгөн жылы, геосаясий себептерден улам бул Уюмга мүчө боло албай калганбыз. Эгемендикке жеткенден кийин Бириккен Улуттар Уюмуна кирүү - Кыргызстандын алгачкы тышкы саясий чечимдеринин бири болду. Бактыга жараша, дээрлик жарым кылымдан кийин биздин тилегибиз ишке ашып, 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Кыргыз Республикасы Уюмга бир добуштан кабыл алынды. Ага мүчө болуу менен биз эл аралык коомчулукка интеграция болгонго мүмкүндүк алдык", - деп баса белгилеп өттү президент.

Президент маалымдагандай, Кыргызстан бүгүнкү күндө дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамиле түздү.

"Өлкөбүздүн тышкы саясаты калыптанып жаткан 90-жылдардын башында, мамлекеттик институттарды түзүү жана жаңы реформаларды жүргүзүү үчүн жардамга муктаж болуп турганбыз. Бириккен Улуттар Уюмунун программалары экономикалык, саясий жана социалдык реформаларды ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөттү. Ал мезгилде коопсуздук, баңги зат трафиги, жакырчылык, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү - өлкөбүз үчүн курч мүнөзгө ээ болгон. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ушул проблемаларга бурду. Биздин демилгелер эл аралык аренада колдоого ээ болуп, азыркы мезгилде өлкөбүз Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында туруктуу позицияны ээледи", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн биз глобалдуу өзгөрүүлөрдүн доорун кечирип жатабыз, - деп кошумчалаган өлкө башчысы карама-каршылыктар менен коштолгон, туруксуздугу жана турбуленттүүлүгү менен мүнөздөлгөн жаңы көп уюлдуу дүйнө калыптанууда деди. Жаңы интеграциялык бирикмелер пайда болду.

"Дүйнөдөгү бир да мамлекет жалгыз гана өзүнүн күчү менен азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы тура албайт. Ушундай кырдаалда көп тараптуу дипломатия – глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативасыз варианты болуп калды. Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмун - актуалдуу маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга чакан өлкөлөр активдүү катышкан платформа катары карайбыз. Акыркы жылдары Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо, аны дүйнөлүк интеграциянын башка формасы менен алмаштыруу жөнүндө ар түрдүү идеялар чыгып жатканы баарыбызга маалым. Биз, Кыргызстан, жаңы реформалар аркылуу бул универсалдуу эл аралык Уюмду чыңдап, анын эффективдүүлүгүн жана таасирин жогорулатуу зарыл деп эсептейбиз. Кыргызстан - Бириккен Улуттар Уюмунун ишенимдүү өнөктөшү. Бул абройлуу уюм менен кызматташууну – артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз. Өлкөбүздүн тынчтыкта, коопсуздукта, туруктуу өнүгүүсү үчүн өз ара мамилелерибизди конструктивдүү негизде улантабыз", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий