• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент: Кыргызстан - Манас атабыз кураган биримдиктүү журттун мураскери

Президент 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кыргызстан - Манас атабыз, ата-бабаларыбыз кураган биримдиктүү журттун, бирине-бири тирек болуп келген элдин мураскери. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.

Президент билдиргендей, Кыргызстандын аймагын байыртан эле көп этностор, улуттар байырлап, тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген.

"Биз - элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Биримдигибиз бекем болгондо Улуу кыргыз каганаты болуп дүйнөнү дүӊгүрөткөнбүз. Ынтымагыбыз чыӊ болгондо Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Чынгыз Айтматов сындуу кеменгерлерди, Кожомкул сындуу өзгөчө инсандарды дүйнөгө бердик. Достугубуз бышык болгондо илим-билимдин, маданияттын очогу болгон байыркы Ош, атагы алыска кеткен Баласагын, айтылуу Суяб сындуу улуу шаарларды курганбыз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий