• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сингапурдун беттешине күбө болду — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барды.

Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий