• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент: Кыргызстанда 2026-жылга чейин ички авиакаттамдар калыбына келтирилет

Президент 0


Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аэропорттордун инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда, күн сайын Кыргызстандын кооздугу жөнүндө алыстан уккан туристтер өлкөгө келүүнү каалашат.

Президент эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүп, колдоп туруу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин эске салды.

"Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу чечимин кабыл алган элем. Ага „Ысык-Көл“, „Каракол“, „Нарын“, „Ош“, „Жалал-Абад“ жана „Баткен“ аэропорттору киргизилген. Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аэропорттор: Казарман, Талас ж. б. аэропорттор ишке киргизилет. Бул чыгашалар „Манас“ аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр ал жакта коррупцияны жоюп, быйыл таза кирешеси 4 миллиард сомду түздү. Буга чейин таза кирешеси 2 миллиард сомдун тегерегинде болчу. Элибиз үчүн бир облустан экинчи облуска тез жана ыңгайлуу каттоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий