• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Кыргызстанда прессага ишенишет жана ага кулак салышат

Президент 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. «Кыргызстанда прессага ишенишет жана ага кулак салышат себеби сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы — биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөдө мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү.

«Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан — бул ачык коом», — деп билдирди Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий