• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Кыргызстанда өскөн боксчу Биволду чемпиондук наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады

Спорт 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Токмокто туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Биволду жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады.

"Мекендешибиз Дмитрий Бивол учурдун эң күчтүү мушкери Сауль Альварести оор кармашта жеңип, орто оор салмакта WBA чемпиондук наамын коргоду. Биз Дмитрийдин бул жеңишине чексиз сыймыктанабыз, анткени спорттук пайдубалы дал Кыргызстанда түптөлгөн. Жердешибизге дүйнөлүк спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз", - деген президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өскөн боксчу Дмитрий Бивол белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварести жеңип, чемпиондук наамын коргоп калган. Беттеш 8-майда Лас-Вегаста (АКШ) өткөн.

Пикир

Оставить комментарий