• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: Кыргызстанда УКМК кызматкерлери үчүн жаңы имарат жана үйлөрдү куруу улантылат

Президент 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө бүгүн, 18-декабрда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинин убагында айтып берди.

«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деп түшүндүрдү.

Мындан сырткары, генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясынын административдик окуу корпусун, жатаканасын жана спорт комплексин, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын белгилеп, өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын эске салды.

«Концепция өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн практикалык иш-чараларды өзүнө камтыйт. Биз өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизишибиз керек», — деген Мамлекет башчысы, мындай максаттар УКМК тарабынан тез жана натыйжалуу ишке ашырыларына ишенимин билдирди.

Сөзүнүн соңунда, президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо боюнча ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий