• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент кыргызстандыктарды алар кайсы гана улуттан болбосун туристтерден коркпоого чакырды

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды алар кайсы гана улуттан болбосун туристтерден коркпоого чакырды.

"Жайында коронавирус инфекциясынан улам Дубайга көптөгөн каттамдар жабылган. Индия менен Пакистандын жарандары Кыргызстан аркылуу транзиттик каттамга уруксат берүүнү суранышты. 15 миңге жакын чет өлкөлүктөр биздин өлкө аркылуу учушту. Алардын учууга чейин 5 күн убактылары болгондуктан, Ысык-Көлдү көрүүгө барышкан. Мен дагы социалдык тармактардан окуяларга көз салып турдум, бирок бардыгын көзөмөлдөп жаттым. Андан соң коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу каттамды жаптык”, - деди президент.

Өлкө башчы бирок, алардын баары туристтер экенин белгиледи. “Алардын ар бири 1000 доллардан акча калтырды. Бул алардын өлкө экономикасына кошкон салымы. Мен жарандарыбызды туристтерден алар кандай улуттан болбосун коркпоого чакырат элем. Баары эле бир блогерди угуп, кыжырдана башташат”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий