• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Кыргызстандын Азия Кубогуна катышып жатканы — эң чоң спорттук окуялардын бири

Президент 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

«Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир Кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм.

Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады. Команда катышкан ар бир матч күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратууда. Биздин жигиттер күчтүү атаандаштарга — Азия Кубогунун фавориттерине каршы татыктуу ойношту.

«Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда биздин футболчулар бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу матч болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана Жеңиш каалайм!», — деди Мамлекет башчы.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 2019-жылдын 16-январында Филиппиндин курамасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий