• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындады.

Президенти кол койгон жарлыкка ылайык, Динара Кемелова Түштүк Кореяда атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Жээнбековдун башка жарлыгына ылайык, Аликбек Джекшенкулов Кыргызстандын Россияда, Канайым Бактыгулова – Кытайда, Болот Отунбаев Америка Кошмо Штаттарында элчиси болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Динара Кемелова буга чейин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп келген.

Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий