• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Кытайдын айыл чарба илимдер академиясына барды

Президент 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында Кытайдын айыл чарба илимдер академиясына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы айыл чарба продукцияларынын жаңы сортторун өстүргөн күнөскананы жана лаборатория менен таанышып чыкты, ошондой эле Президентти айыл чарба тармагындагы акыркы илимий жетишкендиктер менен тааныштырышты.

Академиянын жетекчилиги менен болгон жолугушууда айыл чарба азыктарын өндүрүү, мал чарбачылыгы жаатында тажрыйба алмашуу жана илимий дараметти жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча эки өлкөнүн окумуштуулары менен адистери ортосундагы кызматташтык бекемдей турганы белгиленди.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик визити учурунда жетишилген макулдашууларды турмушка ашыруу боюнча бардык күч-аракеттер жумшалат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ардактуу коноктор Китебине Академияга жаңы жетишкендиктерди жана өнүгүүнү каалаган жазуу калтырды.

Маалымат иретинде:

1957-жылы түптөлгөн КЭР айыл чарба илимдер академиясы — айыл чарба илимдери жана техникалар тармагында алдыңкы илимий изилдөө мекемеси болуп саналат. Академия 42 институтту камтып, анда 7 миңге чукул кызматкерлер иштейт, анын ичинде Кытай илимдер академиясынын жана Кытай инженер академиясынын 11 академиги бар. Академияда 10 миңге чукул адам билип алып, 68 илимий-техникалык журналдарды чыгарып келет.

Академия өз ишинде жаңы жогорку технологияларды колдонот жана алардын жардамы менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык, айыл чарба азыктарын өндүрүүгө ж. б. адистешкен.

Пикир

Оставить комментарий