• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент кызматтан кетүүдө. Президенттин милдеттерин ким аткарат жана президенттик шайлоо качан өтөт?

Саясат 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык президент кызматтан кеткенден кийин анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын Канат Исаев ээлейт.

"Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министр же премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат", - деп айтылат Кыргызстандын Конституциясынын 68-беренесинде.

Ошол эле учурда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.

Эскерте кетсек Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий