• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент кызматтан кеткендин кийин президенттик шайлоону өткөрүү күнү 7 күн ичинде белгилениши керек - Исаев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Президент кызматтан кеткендин кийин Жогорку Кеңеш 7 күн ичинде президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилеши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Канат Исаев билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин айтымында, бүгүнкү жыйынга 90 депутат катышууда.

Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибинде карала турган үч маселени бекитип алуу сунушталды: 2 депутаттын ант берүүсү, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан бошотулушу, президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилөө.

Ошондой эле депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү киргизүү, тагырагы шайлоо босогосун, шайлоо күрөөсүн азайтуу жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Учурда депутаттар арасында күн тартибинде карала турган маселелер боюнча талаш-тартыш болууда.

Пикир

Оставить комментарий