• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Кыргызстанда уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи

Президент 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. "Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу - туризм тармагына балта чапкандай эле болду, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

"Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу", - деди мамлекет башчы.

Президент Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди.

"Президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап кое баштадым. Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Азыр бул боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылы лицензия берүү тармагын кылдат анализдеп, инвентаризация кылуу сунушталган, мораторий жарыялаганбыз", - деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

"Кыргызстандын кен байлыктары элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек. Биздин келечек таза экологияга байланышкан. Биз таза экологиялык азыктарыбыз менен дуйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Аны өндүрүү жана сыртка сатыкка чыгаруу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргызстандын экологиясын сөзсүз таза сактап калабыз", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий