• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Акыркы убактарда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көбөйүп жатканы байкалууда, деди президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде.

Анын маалыматына караганда, өткөн жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук 21%га өскөн.

“Бул көрсөткүч тиешелүү ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт. Мен бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу тапшырма бердим”, - деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анын ишине КР президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат

Пикир

Оставить комментарий