• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Өлкөдө коррупция менен болгон күрөш күчөтүлөт

Президент 0


Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Өлкөдө корупция менен болгон күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана жана Сокулук шаарларынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Паракорчулук менен күрөштө сиздердин да жардамыңыздар керек болот, коррупциялык иш-аракеттерге эч ким кайдыгер карабашы керек”,-деп билдирди президент жолугушууга келгендерге кайрылып жатып.

Ал кийинки жылдары өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык жана социалдык оор сыноолорду баштан кечиргенин белгиледи.

“Ушул жылдары биз башка болуп өзгөрдүк. Күчтүү болдук. Оор сыноолордо такшалып, бышып жетилдик”,- деп билдирди мамлекет башчысы.

“Мамлекетибиз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Энергетика тармагы туруктуу болуп калды. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө дагы ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Учурда биз эл аралык трассалар, облустардын, райондордун борборлорундагы транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жаңы автожол салынып жатат. Азыр биз жакшы жолдору бар мамлекеттердин катарына кошулуу максатын ишке ашырып жатабыз”, - деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий