• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент өлкөнүн экологдорун кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда өлкөнүн экологдорун кесиптик майрамы — Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу экологдор!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайм.

Жаратылышты коргоо маселелери акыркы жылдары эл аралык күн тартибинде талкууланган артыкчылыктуу маселелердин катарына кирди.

Айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга негизделген „жашыл экономиканын“ принциптерин киргизген өлкөлөр көбөйүүдө.

Кыргыз Республикасы глобалдуу экологиялык коркунучтарды кыскартуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишмердигине активдүү тартылууда.

Кымбаттуу экологдор!

Биз, экологиялык таза азыктары жана экотуризми бар өлкө катары табиятты сактоо жана ага аяр мамиле кылуу боюнча жүргүзүлгөн жумушту күчөтүшүбүз керек. Алдыда бизди экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чоң маселелер күтүп турат.

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана нормативдерин реформалоо, „жашыл экономиканын“ принциптерин киргизүү, суу ресурстарын сарамжалдуу колдонуу, жашыл өсүмдүктөрдүн аянттарын кеңейтүү, таштандыларды жок кылуу жана кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүү, энергиянын альтернативдүү жана экологиялык таза булактарын колдонууну жакшыртуу керек.

Сиздерди Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайм. Бардыгыңыздарга ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди жана бакубатчылык каалайм».

Пикир

Оставить комментарий