• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Өлкөнүн өнөр жайынын учурдагы абалы аябай көйгөйлүү

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында өнөр жай тармагын өнүктүрүү — азыркы учурдун өтө актуалдуу маселесине айланганына кыскача токтолуп кетти.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын өнөр жайынын азыркы учурдагы абалы аябай көйгөйлүү экендигин мойнубузга алышыбыз керек, деди.

undefined

“Бүгүнкү күнү бул тармактын алдында турган чакырыктар абдан орчундуу. Дүйнөдөгү технологиялык өнүгүү бизнес чөйрөнүн ылдам өзгөрүшүнө алып келүүдө.
Өнөр жай ишканаларындагы технологиялык процесстер санариптешип, иштөө принциптери ыкчам өзгөрүүдө. Арзан жумушчу күчтүн ордуна жогорку квалификациясы бар адистерге басым жасалып, өндүрүлгөн продукция керектөөчүлөрдүн жеке талабына жараша чыгарылууда. Санарип технологияларды киргизүүнүн эсебинен экономиканын структурасы өзгөрүп, жаңы товарлар гана эмес, таптакыр жаңы экономиканын тармактары пайда болууда. Электрондук соода жана акылдуу логистика аркылуу чыгарылган продукциянын наркы кыйла төмөндөөдө. Жаңы композиттик материалдарды колдонуу аркылуу арзан жана жогорку сапаттуу продукцияны чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Дүйнөдөгү алдынкы компаниялар өндүрүш тармагына гана эмес, изилдөө жана технологияларды иштеп чыгаруу тармагына да басым жасоодо.”, - дейт президент.

Жээнбеков баса белгилегендей, эл аралык деңгээлдеги өнөр жай компаниялары өздөрүнүн өндүрүшүн инновацияларга жана илимий изилдөөлөргө ачык, жагымдуу шарт түзүп берген өлкөлөрдө жайгаштырууда.

Президент эскерткендей, Кыргызстан ЕврАзЭСке мүчө катары киргенден баштап бизнестин конкурентүүлүгүнө өзгөчө маани берилүүдө.

“Аталган чакырыктарга жооп берүү үчүн, мамлекеттин негизги милдети — бул өнөр жай тармагынын конкуренттүүлүгүн кескин түрдө күчөтүү керек деп эсептейм", - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий