• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент маалымат жыйында “Де-Факто” гезитинин редакторуна саатын белек кылды

Президент 0


Бишкек, 20.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн өзүнүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында түшүңдө мамлекет башчынын колунан саат белекке алганын айткан “Де-Факто” гезитинин редактору Амантур Мусагуловго өзүнүн саатын белек кылды.

Мусагулов суроосун берип, мамлекет башчыга бул кызматта жакшы иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал өзүнүн түшү тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы ошол жерден саатын чечип, “Де-Фактонун” редакторуна белек кылды.

Атамбаев ага өзүнүн дарегине айтылган жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. “Дагы жакшы, президент костюм, шымын белекке берип жатканы түшкө кирбептир”, - деп күлдү мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий