• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат

Президент 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. «Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат.

Жыйында айтылгандай, айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат.

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө/чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Пикир

Оставить комментарий