• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент мамлекеттик сыйлык тапшырды (тизме)

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Сыйлыктарды мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өзү тапшырды.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалына кошкон салымы үчүн:

II даражадагы “Манас” ордени менен

- Базаркулов Мукаш Базаркулович – эл мугалими, президенттин алдындагы билим берүүнү өнүктүрүү коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү;

- Жумабеков Сабырбек Артисбекович – Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору;

III даражадагы «Манас» ордени менен:

- Абдесов Нургалый – Бишкек шаарындагы №66 “Ден-соолук жана өнүгүү мектебинин” кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими
- Абдукаримов Махирахан – Кара-Суу районундагы Чолпон атындагы №79 мектептин математика сабагынын мугалими;

- Абдылдаев Эрлан Бекешович –КР Тышкы иштер министри;
- Малаев Нимат – Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун кулак оорулар бөлүмүнүн жетекчиси;

- Сооронов Омор – Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери;

«Даңк» медалы менен:

- Адыбаев Кошойбек Джакыпович – Апрель элдик революциясынын активдүү катышуучусу;

- Багышбеков Бузурман Кожомуратович – Апрель элдик революциясынын активдүү катышуучусу, Талас шаардык кеңешинин депутаты;
- Жаманова Асылкул Окошевна - Апрель элдик революциясынын активдүү катышуучусу;

- Каримов Мирзохалим – жазуучу, публицист;
- Нурунбетов Балтахун Аттокурович – М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин “Коомдук илим” кафедрасынын жетекчиси;
- Рыскулова Айгуль Маратбековна – Бишкек шаарынын вице-мэри;
- Рыскулова Бүбүсара Рахматовна – “Сезим” кризистик борборунун аткаруучу директору;

- Сааданбеков Чоробек Идирисович – “Википедиянын”кыргызча вариантын жайылтуу долбоорунун жетекчиси, “Биздин мурас” коомдук фондунун директору;

- Хайбуллина Зульфира Шарафовна – коомдук активист,ыктыярчы.

«Кыргыз эл артисти» наамы:

- Келдибек Ниязов – Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын артисти;

- Нургазиев Давлетбек Рыскулович – К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, артист;

- Сапаралиев Алтынбек Рыскулович – эстрада ырчысы;

- Шакеева Зейнеп – Т. Орозов атындагы улуттук аспаптар оркестринин вокал-аткаруучусу.

«Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамы:

- Ашимбаева Дильбар Абдакимовна – «Dilbar» мода үйүнүн арт-директору;
- Гуцалов Владимир Александрович – Панфилов райондук балдар искусство мектебинин директору;

- Кыдыкбаев Бактыбек Бейшенбаевич – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын руханий жана урма музыкалык инструменттер кафедрасынын жетекчиси, «Соленые орешки»джаз тобунун негиздөөчүсү;
- Мамаджанов Набиджан Ганижанович – “Бабур” атындагы Ош мамлекеттик музыкалык-драма театрдын директору.

Ошондой эле, Эмгек сиңирген мугалим наамы: республикадагы 24 мугалимге ыйгарылды.

“Билим берүүгө эмгеги сиңген” наамы 6 жаранга ыйгарылды.

Саламаттык сактоо тармагында 10 кызматкерге “Эмгеги сиңген дарыгер” наамы ыйгарылды.

“Айыл чарбасына эмгеги сиңген” наамы 7 жаранга тапшырылды.

“Эмгеги сиңген мамлекеттик кызматкер” наамы эки жаранга ыйгарылды.

Ал эми ардак грамоталары менен 41 жаран сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий