• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент жаштардын Мамлекеттик тууга болгон аяр мамилесине ыраазы болду - Стамалиева

Президент 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Мамлекеттик туусуна карата жаштардын аяр мамилесине таасирленди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева кечээ, 24-апрелде болгон катуу шамал жулуп кеткен "Ала-Тоо" аянтындагы Желекти көтөргөн жаштардын аракетине карата билдирди. Бул окуя социалдык тармактарда катуу талкууланууда.

Мамлекет башчы белгилегендей, "мындай аракеттер шыктандырып, жакшы иштерге дем берет, ушундай адамдар үчүн иштеп, кыйынчылыктарды жеңип өткүң келет. Талыкпаган эмгек менен Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө жетишебиз".

Пикир

Оставить комментарий