• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Президент маморгандарды донорлук коомчулук менен бардык маселелерди ашыкча бюрократиясыз чечүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу учурунда Өкмөттүн өкүлдөрүнө, мамлекеттик органдардын жетекчилерине донорлук коомчулук менен келип чыккан бардык маселелерди ашыкча бюрократиясыз чечүүгө жана суроо-талаптарга өз учурунда жооп берүүгө чакырды.

Ал бүгүнкү жолугушууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тараптан көтөрүлгөн бардык маселелер менен көйгөйлөрдү толугу менен колдой турганын белгиледи. КРдеги Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Болорма Амгаабазардын тийиштүү министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн багыттары боюнча жумушчу топтордогу теңтөрагалык жөнүндө, КРдеги БУУ системасынын туруктуу координатору Озонния Ожиеллонун стратегиялык документтерди системалаштыруу жана алардын аткаруусун көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча пикирлерин колдогонун белгиледи.

«Биз бири-бирин кайталаган жана ресурстар менен бекитилбеген программалардын жана стратегиялардын санын кыскартышыбыз керек. Мамлекеттик органдардын жумушунда биз мураскерлик жана туруктуулук, институционалдык эс тутумду сактоо жана кесипкөй кадрларды тандоо принциптерин карманабыз. Мен Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульмандын айрым стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун кыска мөөнөтү боюнча кооптонууларын түшүнүп турам. Германиянын Элчилигинин өкүлү Касьен Онезоргенин сунушу боюнча Өкмөткө Жогорку Кеңеш менен биргеликте мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашырыла турган долбоорлорго зыян келтирбестен оптимизация кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Кыргыз Республикасынын стратегиялык артыкчылыктуу жана өнүктүрүү багыттарын салыштырып, макулдашууга өбөлгө түзгөн бул сыяктуу жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турушу керектигин айтты.

«Мамлекеттин алдына коюлган милдеттер биринчи кезекте адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрө түзүүгө, биздин өлкөдө жашаган ар бир жарандын жөндөмүн ачууга, анын бакубаттыгын жана кызыкчылыктарын камсыздоого багытталган. Кыргызстан амбициялуу максаттарды коюп жатат, алдыда чоң жумуш күтүп турат, буга байланыштуу сиздер, биздин өнөктөштөр аларды ишке ашырууда жардам бересиздер деп ишенем», — деп баса белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий