• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент «Манас айылын» Маданият министрлигинин балансына өткөрүү идеясын колдоду

Маданият 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

Бүгүн мамлекет башчысы «Манас айылынын» абалы менен таанышып чыккан.

undefined

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди.

Ал «Манас айылы» Кыргыз Републикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.

Президент «Манас айылын» министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

Комплексти реконструкция кылуу учурунда, Президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды жана ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этно-шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ал баса белгилегендей, бул жер борбор калаанын тургундары жана конокторунун, чет элдик туристтердин эс алуу жайы болушу керек.

Белгилүү болгондой, 1998-жылы комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө «Манас айылы» ккомплексинин абалы начар.

Комплексти куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

Пикир

Оставить комментарий