• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: “Мен ушак үчүн кылмыштык куугунтуктоого каршымын, бирок жалганчылар моралдык жоопкерчиликке тартылышы керек”

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. “Мен ушак сөз үчүн кылмыштык куугунтуктоого каршымын, бирок жалганчылар моралдык жоопкерчиликке тартылышы керек”,-деди бүгүн КР Президенти Алмазбек Атамбаев бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде.

Анын айтымында, ЖМКлардагы сөз эркиндигинин деңгээли боюнча Кыргызстан аймакта алдыңкы орунду ээлейт. Эркиндик, адамдардын эркиндиги, сөз эркиндиги - Апрель революциясынан кийинки фундаменталдык жетишкендик болуп саналат.

“Бирок, тилекке каршы жакында эле мен өлкөнүн маалыматтык айдыңындагы абалга байланыштуу катуу билдирүү менен чыгууга аргасыз болдум. Элдер ЖМКларга, социалдык тармактарга максатка багытталган ушактар тарап жатканына тынчсызданып жатышат. Мамлекет башчысы катары мен жалган маалымат таратуу менен элдерди туңгуюкка кептеп жаткандарга кол куушуруп карап отура алган жокмун. Элдер ойдон чыгаруу, ушактарга, ар түрдүү көз боемочулардын курмандыгы болуп жатышат”,-деди А.Атамбаев.

Ал белгилегендей, чет өлкөлөрдө ушак таратуу үчүн айып гана салынбастан, катуу жаза колдонулат. Керек болсо коңшу өлкөлөрдө дагы бар. “Мен ачык айтып коеюн, КРда ушак сөз үчүн кылмыштык жоопкерчилик киргизилишине каршымын, бирок жалганчылар жооп бериши керек. Ыйык Куранда дагы Мухаммед САВ ушакчыларды ырайымсыздык менен салыштырган”,-деди Президент.

Андан ары мамлекет башчысы бул чоң оюндун башталышы экенин белгиледи. Кимдир бирөө үчүн Кыргызстан – шахмат доскасы. “Ошондуктан мен журналисттик этиканы карманууга жана жөн гана адамкерчиликтүү болууга, адамдарга так жана туура маалымат жеткирүүгө чакырам. Мыйзам бардык маалыматтарды текшерүүнү талап кылат. Эркиндик башка бир адамдын эркиндиги бузулган жерде аяктайт”,-деди А.Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий