• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент менен өкмөт башчы калктын саламаттыгына кам көрөт - Саламаттык сактоо министри

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Президент С. Жээнбеков менен өкмөт башчы М. Абылгазиев өлкө калкынын саламаттыгына кам көрүп, көп көңүл бурат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, жылда дары-дармек жана медициналык каражаттарды сатып алууга дээрлик 2 млрд. сом бөлүнүп келет.

"Мурда саламаттык сактоонун ар бир мекемеси сатып алууну өз алдынча жүргүзүп келсе, учурда борборлоштурулган сатып алууну киргиздик. Ал мамлекеттик каражатты үнөмдөөгө өбөлгө болууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болжол менен 44 млн. сом үнөмдөлдү. Бул жылы саламаттык сактоонун 111 мекемеси мамлекеттик сатып алууларды бириктирип, 29 млн. сом үнөмдөдүк", - деди ал.

Ал белгилегендей, министрликтин баардык жаңычылдыктары президент менен өкмөттүн көзөмөлүндө болуп, алар министрликтин ишин байкоо салып турушат.

Пикир

Оставить комментарий