• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Президент менен өткөргөн 6 жылым” – фотограф Атамбаев жөнүндө: адамдык мамилеси үчүн ыраазымын (сүрөт)

Президент 0

Бишкек, 24.11.17./Тумара Туратбекова – Кабар/. Мамлекет башчынын сүрөтчүсү Султан Досалиев Facebook баракчасына Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрүнүн сериясын жарыялап, ага “Менин президент менен өткөргөн 6 жылым” деп жазган.

Досалиев адамдык сапаты үчүн Атамбаевге чын дилинен ыраазчылык билдирди.

“Кызым ооруп калганда өлкө башчы дарыланууга жардам көрсөттү. Карапайым жарандар менен болгон ар бир жолугушууда анын аларга болгон ички жылуулугун сезип турчумун. Мен анын бул аралыкта өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеп жатканын, эл аралык чоң трибуналарда Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп келгендигине күбө болдум”,-деп жазган Досалиев.

Эске сала кетсек, бүгүн, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти кызматына расмий түрдө киришти.

Пикир

Оставить комментарий