• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент миграцияны кантип токтотууну айтты

Президент 0

Бишкек, 23.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү миграцияны кантип токтотууну айтып берди.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда өлкө башчысы билдиргендей, ал губернатор болуп турган кезде миграцияны токтотууга күчү жеткен эмес, себеби дегенде колдоо болгон эмес.

Жээнбеков өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө кайрылып жатып, эми алардын колунан келе тургандыгын билдирип, аларга көмөк көрсөтө тургандыгын айтты.

“Мен премьер-министр болуп турган кезде “Үмүт” компаниясы Талас жана Ош облустарында филиалдарын ачкандары эсимде. Натыйжада сүттүн сатып алуу баасы 5 сомго жогорулады. 3-4 уй үй-бүлөнү камсыздайт, ага кошумча селекцияга көңүл буруу керек. Уйлардан суткасына 60 литрден сүт алып, аны 20 сомдон сатып, күнүнө 1200 сом же болбосо айына 36 миң сом тапса болот. Бул мигранттардын кирешеси менен барабар муну менен миграцияны токтотууга болот”,-деп билдирди Жээнбеков.

Президент кепилдик фонддорун региондорго көңүл бурууга жана аларга насыя алууда көмөк көрсөтүүгө чакырды. Тааныш, дос-туугандарга эмес, чындыгында эле жардамга муктаж жарандарга жардам берүүнү айтты.

“Кепилдик фонддору аз камсыз болгон дыйкандарга насыя алууда жардам берүүлөрү керек”,-деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий