• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басарын дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктарга ылайык:

- Кожошев Арзыбек Орозбекович министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;

- Аалиев Азиз Кубанычбекович министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

- Байсалов Эдиль Жолдубаевич министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий