• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды

Президент 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, салтанаттуу аземде билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын бардык аймактарынан 66 улан-кыз эң жогорку упайга ээ болушту.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти жеңиштүү аякташы менен куттуктап, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров он жети жылдын ичинде Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 700дөн ашуун бүтүрүүчү артыкчылык сертификаттарга ээ болгонун белгилеп, «Алтын сертификат» ээлеринин саны жыл сайын өсүп, анын ичинде аймактагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан мыктылар суурулуп чыгып жаткандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров катышуучуларга алардын билими жана тажрыйбасы өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.

Бүтүрүүчүлөргө сертификаттардан сырткары баалуу эстелик белектер тапшырылды.

Эске салсак, иш-чара коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду жана иш-чаранын бардык катышуучулары алдын ала ПЧР тесттерин тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий