• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент мыкты команда топтошу керек — Салахунов

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бишкекте 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи өттү. Мындан улам калк жана эксперттер арасында өлкө кандай багытта өнүгөт, тышкы саясат кандай болору тууралуу көптөгөн суроолор жаралды. Бул сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн "Пикир" аймактык эксперттер клубу тарабынан "Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин: саясий консенсуска келеби жана тышкы саясий артыкчылыктар кандай?" деген теманын алкагында конференция өткөрүлгөн.

Кыргызстан кандай өңүттө өнүгөрү тууралуу өзүнүн ою менен бүткүл россиялык Кыргыз Конгрессинин москва бөлүмүнүн жетекчиси, бизнес жана эмгек миграциясы маселеси боюнча эксперт Марсель Салахунов бөлүштү.

“Кыргызстанда жашаган жана мигрант болуп жүргөн жарандардын арасында жаңы президентке ишеним арткандар арбын. Бирок жеке мени коррупциядан толугу менен арылуу, мигранттардын баарын мекенге кайтаруу, Кытайга карызды төлөө сыяктуу жана дагы башка убадалар таң калтырат. Жаңы президент бул "кереметти" жасаш үчүн бардыгын иш жүзүнө ашыра турган мыкты команда топтой алат деп ишенем”,- дейт эксперт.

Салахунов эксперттер Россиядагы Кыргыз диаспорасынын кеңири мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштап жатканын белгилеген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мигранттар – көчө шыпыргыч жана куруучулар гана эмес, бул тажрыйба топтогон, жаңы технологияларды жана потенциалдуу инвестицияларды колдонууга мүмкүнчүлүгү бар эксперттер жана ишкерлер.

“Биз көп жылдардан бери кыргыз экспортун ЕАЭБдин базарларына чыгарууга шарт түзүүнүн үстүндө иштеп келе жатабыз. Бир нече жолу өзүбүздүн сунуштарыбыз менен кыргыз бийлигине кайрылдык, тилекке каршы, тармактык мамлекеттик органдар колдобой келишет. Буга чейин аларды андан жеке өздөрүнө кандай пайда болот деген өңүттөгү гана суроо кызыктырчу. Эгер чиновниктер мындай позициясынан кайтпаса, анда экономикалык жылыш болбойт”,-дейт Салахунов конференциянын жүрүшүндө.

Пикир

Оставить комментарий