• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетии эмне менен алектенерин айтып берди

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жай жана ишкерчилик комитети актуалдуу маселелерди биргелешип талкуулаган аянтча болуп эсептелет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аталган комитеттин биринчи отурумунда билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, комитет кошумча түзүлгөн мамлекеттик орган же түзүм эмес.

"Ал биз актуалдуу маселелерди талкуулай ала турган аянтча. Ошондуктан мен ачык пикир алышууну күтүп турам", - деди ал.

Жээнбеков комитеттин курамында эксперттер, ишкана жетекчилери, мамлекеттик орган жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү бар экенин айтып өттү.

Президент белгилегендей, ал биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду жана Аскар Сыдыковду комитеттеги өзүнүн орун басары кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Аны менен катар президент күн тартибине кирген үч маселени айтып кетти: Өлкөдөгү өнөр жайдын абалын изилдөө, Кыргызстандын өнүгүү перспективаларын аныктаган ишкерлердин планын түзүү жана Кыргызстанда өнөр жай макамын калыптандыруу.

Пикир

Оставить комментарий