• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент: Ооган ардагерлеринин социалдык маселелери ырааты менен чечилет

Президент 0

Бишкек, 15.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Ммамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша Ооган ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелердин катарында бул маселе да бар.

“Учурда мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүккө жараша ардагерлерге колдоо көрсөтүлүп келет. Өкмөт ушул мааракеге карата ар бир афганчы-ардагерлерибизге жана курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө 5 миң сомдон кошумча бир жолку жөлөкпул жардам көрсөттү. Жалпысынан 28 млн. 800 миңден ашык акча бөлүндү”, - деди ал.

Президенттин сөзү боюнча, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин облустук жана Ош, Бишкек бөлүмдөрүнүн ар бирине акчалай жардам көрсөтүлөт.

“Албетте, силердин чечиле элек социалдык көйгөйлөрүӊөр дагы бар. Алардын катарында ай сайын алчу жөлөкпулду көбөйтүү маселеси айтылып жүрөт. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин республика боюнча кенешинин жетекчиси, депутат Кожобек Рыспаев мени тынбай маалымдар кылып келет. Көйгөйлөдү билебиз. Баардык көйгөйлөр эсте жана аларды чечүү боюнча иштер жүрүүдө. Куру убада бербейли, убакыт керек”, - деди С.Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий