• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Ош облусунун алыскы айылдарына барды

Президент 0

Бишкек, 20.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча өзүнүн жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, 20-июлда ал Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3 миң 250 метр бийиктикте жайгашкан. Мамлекет башчы менен жолугушууда актуалдуу маселелер айтылды. Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү.

Алсак, Сары-Таш айылындагы № 39 орто мектеп авариялык абалда, ал эми Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө.

Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугу тууралуу айтышып, айылдыктарды социалдык коргоо маселелери көтөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, № 39 мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу окуйт.

Бактыбек Абдиев кошумчалагандай, азыркы учурда Күн-Элек айылындагы мектептин курулушунун көпчүлүгү аяктады, ичи-тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Президент тургундар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик иш алып барарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий