• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент парламенттик шайлоого аттанган талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниеттүү болууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, парламенттик шайлоого аттанган талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниеттүү жана ачык болууга чакырды.

Өлкө башчысынын айтуусунда, алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биздин элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн келечекти аныктоодо маанилүү тарыхый ролго ээ.

"Бул шайлоону укуктук талаада гана ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерди сактоо менен өткөрүү, Кыргызстанда кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн орун алганынын көрсөткүчү болот. Таза жана ачык шайлоо өткөрүү — бүткүл дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанда демократиянын доору чындап башталгандыгын, бизде мыйзамдын үстөмдүгү орнотулган — укуктук мамлекет экенибиздин белгисин берет. Бул өз кезегинде бизнесмендер үчүн биздин эшигибизди дагы кенен ачып, өлкө экономикасына инвестицияларды тартууга шарт түзөт", - деп баса белгиледи Жапаров.

Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо — бул биздин жарандарыбыздын өз эркин билдирүүгө болгон конституциялык укугу экендигин эске салды.

"Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Ага жол берилбейт. Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Эч кимдин Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга укугу жок. Бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өтө маанилүү", - деди Садыр Жапаров.

Президент бүрсүгүнү шайлоо өткөрүлө тургандыгын эске салып, талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниеттүү жана ачык болууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий