• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Пекиндин борборунда Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

Президент 0

Бишкек, 28.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытай Эл Республикасына жумушчу визитинин алкагында Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керек.

“Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн адам келери күтүлүүдө. Президент Кыргызстандын продукцияларына эл аралык рыноктун өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу үчүн бул мүмкүнчүлүктү максималдуу колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Маалымат:

Эл аралык көргөзмө борбору Пекинге жакын шаарчада Яньчин районунда жайгашкан.

Кыргыз павильону 1050 чарчы метр аянтты ээлейт, анын көпчүлүк бөлүгүн бак түзөт, ошондой эле металл конструкциясында курулган жабык жайда жайгашкан.

Улуттук павильондун жасалгалоодо кыргыз элинин маданий жана каада-салт мурастары, улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган архитектуралык-дизайнердик чечим колдонулган. Үстү жагы кыргыз боз үйүнүн формасында эки имараттан турат. Анда Кыргызстандын бурчу жана экспонаттары, Кыргызстан тууралуу видео-ролик көрсөткөн мультимедиялык панель, экономикалык, инвестициялык, туристтик дараметинин бетачары, ошондой эле экспортко багытталган ата-мекендик продукциялардын жарнамасы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле келген меймандар Кыргызстанда өндүрүлгөн тамак-аш продукцияларынан ооз тийип, кыргыз ашканасынан даам сызат.

Пикир

Оставить комментарий