• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент «Пробация» системасын Юстиция министрлигине өткөрүү ишин активдештирүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 02.07.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков сот реформасына байкоо жүргүзүүчү жумушчу тобунун жыйынында «Пробация» системасын Юстиция министрлигине өткөрүү ишин активдештирүүнү тапшырды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев кабарлады.

Анын айтымы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта беш кодекс күчүнө кирген. “Ошого байланыштуу сот реформасына байкоо жүргүзүүчү жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ алты облусту кыдырып, жеринде анализ жүргүзгөн. Жыйынтыгында кандай чаралар көрүлүүдө, бул кодекстерди колдонууда кандай иштер аткарылууда жана жалпысынан алардын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүлгөн. Анализдин жыйынтыгы чыгып, маалымат президент Сооронбай Жээнбековго берилген”, - деди ал.

Бөлүм башчысы билдиргендей, жыйындын күн тартибинде анализ учурунда табылган кемчиликтер каралган. Биринчиси – сот системасында санариптешүү боюнча бир катар кемчиликтер бар. Жаңы кодекстерге жараша сот отурумдары аудио жана видео жаздыруулар менен өтүшү керек. Экинчиси – Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри. Бул реестрде учурда биринчи гана каттоо фазасы иштөөдө. Реестр каттоодон тышкары сот өндүрүш жана жазаларды аткаруу өндүрүшү фазалары ишке кириши керек. Үчүнчү – пробация. Бул системада каржылоо жана уюштуруу сыяктуу кемчиликтер табылган. Андан тышкары, пробация институту Жазаларды аткаруу кызматынын алдында турат. Ал эми 2020-жылдын январь айынан тарта ал органды Юстиция министрлигине өткөрүү пландалууда.

“Мамлекет башчы тарабынан тиешелүү тапшырмалар жана сунуштар берилген. Президент пробация институтун Юстиция министрлигине өткөрүү иштерин активдештирүүнү тапшырган. Андан тышкары С.Жээнбеков бирдиктүү реестдин иши боюнча, атап айтканда программалык камсыздоосу боюнча сын айтты”, - деди Исабаев.

Пикир

Оставить комментарий