• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент региондорду өнүктүрүүдөгү өзгөчө көйгөйлүү маселелер жөнүндө айтып берди

Президент 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүүдөгү актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде өлкөнүн облустарына жасаган сапарларынын жана жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулардын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

«Элет эли жыйым-терим, талаачылык иши менен алек. Аларда биринчи эле сугат суу маселеси, анан таза суу маселеси бар. Мектеп, ооруканалар менен камсыздоодо маселелери бар», — деп белгиледи Президент.

Ал иш сапарларынын жүрүшүндө ишке ашырылып жаткан аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаты, анын ичинде калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо жана калыбына келтирүү жөнүндө айтып бергенин баса белгиледи.

«Таза суу боюнча буга чейин айтканымдай, менин президенттик мөөнөтүм бүткөнчө бул долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашырылып бүтөт. Ал күчүндө, бул багытта иш кылып жатабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Экинчи чоң маселе, элет жериндеги айыл чарбасында, айыл жеринде дыйкан-фермерлерди сугат суусу менен камсыз кылуу. Мамлекет башчысы жер-жерлерде аталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн жактырды.

Ал Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы 2026-жылга чейин деп кабыл алынганын, 3 этаптан туруп, анын ичинен экөө 2024-жылдын соңуна чейин ишке ашырыларын белгиледи.

«Бул 2 этапта 31 суу чарба объектилерин ишке беребиз буйруса, натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. 46 миң гектар жердин суу менен камсыз болуусу жакшырат.

Бул, мен айтып жүрөм, абдан амбициялуу чоң долбоор. Оор абалга карабастан, бул программаны кабыл алдык. Бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин ишин ушул нукка буруп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын көбөйтүлөрүн, ошондой эле, эл аралык өнөктөштөрдөн, донорлордон көбүнчө грант түрүндөгү каражаттар тартылып жатканын кошумчалады.

«Узак мөөнөттүү 35-40 жылга эң төмөнкү пайыздуу кредиттерди алганга аракет жасап жатабыз. Бул иш алдыга жылды. 2019-жылы жалпысынан 12 объектте куруу иштери башталган. Эки объектиде курулуш иштери толук аяктады. 2020-жылы 6 объектиде курулуш иштерин бүтүрүү пландалган, 219 млн сомго курулуш иши аткарылды. Пандемия бюджетке терс таасирин тийгизди. Бирок, ошого карабастан, тышкы донорлордон, финансылык институттардан каражаттарды токтотпой берип жатабыз. Мен тынбай айтып келатам, ирригацияны оңдоо менин жеке көзөмөлүмдө. Анткени, бул улуттук тамак-аш коопсуздугу, жаңы жумуш орундарын көбөйтүү, элди айыл жеринде кармап калуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуунун негизги жолдорунун бири», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жаңы окуу жылына даярдыктардын алкагында аймактардагы авариялык мектептердин курулушун бүткөрүү сыяктуу маселелерге көңүл буруп жатканын кошумчалады.

«Аймактардагы авариялык мектептерди оңдоо жана ооруканаларды ондоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде өзгөчө маани берип жатабыз. Аларга каражаттар бар, бюджеттик тартыштык болсо дагы токтоосуз иш жүрөт. Азыр пландалган ооруканалар баары тең ремонттолуп, Бишкек, Ош, Нарында инфекциялык ооруканалардын эксперименталдык имараты курулуп жатат», — деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге ички жолдорду оңдоо маселесине токтолду.

«Күн жылуусунда оңдоп, бүткөрүү керек. Айрыкча бийик тоолуу өрөөндөрдө күн жылуу кезинде бүткөрүү керек. Анткени сентябрь, октябрдан тартып, тоң боло баштайт, суук түшүп калат. Билесиз, ар бир райондун борборунда жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен үч чакырымдан кем эмес ички жолго асфальт төшөлүүдө. Бул ошол биздин региондорду өнүктүрүү саясатыбыздын алкагында сөзсүз аткарылчу иш. Айрыкча бийик тоолуу, элет жериндеги райондордо 30 жылдан бери, Союз ураган мезгилден тартып унутта калган ички жолдорубуз бар. Ошонун баарын, район борборлорун асфальттоого көңүл буруп жатабыз. Союз таркагандан кийин жергиликтүү бюджеттин каражаты жетпей, машина эмес, жөө жүргөнгө да кыйын болуп калган жолдор бар. Үч жылдан бери ушул маселеге олуттуу мамиле кылып жатабыз», — деп жыйынтыктаган Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы эле 40 райондун борборунда, 8 шаарда 140 км жакын жол асфальтталганын, быйыл 150 км жолду асфальттоо пландалганын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий