• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу чаралары жөнүндө» жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарлыктын тексти берилет:

Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат. Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоо механизмдеринин төмөнкү натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга, кем чыгууларга жана уурдоолорго, күйүүчү майлоочу материалдарды сарптоо боюнча, электр жана жылуулук энергиясын керектөөгө, байланыш кызматтарына белгиленген ченемдерди аткарбоого, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгарууга, башка финансылык тартип бузууларга алып келет.

Мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин ыгы жок көбөйтүлгөн аппараты, республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоонун ишенимдүү механизминин жоктугу, мамлекеттик менчик объекттерин сарамжалсыз жана пассивдүү эксплуатациялоо бюджеттик каражаттарды жана активдерди натыйжасыз сарптоого алып келет.

Кээ бир кабыл алынып жаткан мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар мамлекеттин болгон экономикалык жана финансылык ресурстары менен бекемделген эмес, бул мамлекеттин жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткарбоого алып келет.

Финансылык кыянаттык кылуулар жана бузуулар талаптагыдай контролдун жоктугунун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн милдеттерин аткарууга жасаган жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилелеринин, күнөөлүүлөрдүн жана кызмат адамдарынын жазасыз калышынын натыйжасы болуп саналат.

Республикалык бюджеттин чыгашаларын тартипке келтирүү жана аны реалдуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2022-жылдын 1-мартына чейин 2022-2023-жылдарга республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, башка чаралардын ичинде төмөнкү милдеттүү иш-чараларды ишке ашырууну карасын:

— республикалык бюджеттин каражаттарын алуучу мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды инвентаризациялоону жана аларды өзүн-өзү актоочулукка жана өзүн-өзү каржылоого которуунун, кайра уюштуруунун, кайталануучу функцияларды жоюунун жана жетектөөчү кызматкерлердин санын кыскартуунун негизинде алардын санын оптималдаштырууну жүргүзүү;

— күтүүсү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жана социалдык камсыз кылууну тартипке келтирүү;

— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана республикалык бюджеттин башка алуучулары тарабынан электр жана жылуулук энергиясын, байланыш кызматтарын керектөөгө, эмерек сатып алууга, оңдоого ж. б. белгиленген лимиттердин сакталышына аракеттүү контролду камсыз кылуу;

— министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын автопаркын инвентаризациялоо жана жетекчилерди тейлөөчү кызматтык автомашиналардын санын жана аларды тейлөөгө чыгымдарды кыскартуу жолу менен аларды күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды оптималдаштыруу;

— 2022-жылдын 1-мартынан тартып министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматтык автотранспортту сатып алуусуна, административдик имараттарды, кызматтык жайларды капиталдык оңдоосуна тыюу салууну киргизүү;

— аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган иш сапарлардан тышкары бюджеттик каражаттардын эсебинен чет мамлекеттерге иш сапарларга баруусуна тыюу салуу;

— ведомстволук уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда финансылык тартипти сактоо, бюджеттик каражаттардын милдеттүү түрдө максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, пландан тышкары чыгымдарды каржылоого жол бербөө үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги;

2) 2022-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында финансылык тартиптин абалы, аткаруу бийлигинин органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы, коротуулар жана уурдоолор менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган бузууларга жол берген кызмат адамдарынын кызмат ордуна ылайык келиши, аларды кызмат ордунан бошотуу жана материалдарды укук коргоо органдарына берүү жөнүндө маселелерди кароо;

3) 2022-жылдын 1-мартына чейин министрлердин орун басарларынын (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тышкары), административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарларынын штаттык кызмат орундарын зарыл минимумга чейин кыскартуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөнкүлөр боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн:

— мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын финансылык, материалдык жана башка мамлекеттик ресурстарды башкаруусуна мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу;

— финансылык тартип бузуулардын бир дагы учурун көңүл буруусуз калтырбастан, жүргүзүлгөн аудиттердин сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу;

— келтирилген зыяндын ордун толтуруу, финансылык кыянат кылган күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча өз убагында чараларды көрүү;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик аудиттин натыйжасында табылган финансылык кыянат кылуулар жана бузуулар жөнүндө маалыматты аларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн квартал сайын берүү;

— мамлекеттик аудитти өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2021-жылдын 1-мартына карата маалымат берүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары — Жогорку Кеңеш) 2022-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр сунушталсын:

— парламенттик ишке байланышкан, мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын камсыз кылууга чыгымдарды: кеңсе жана техникалык каражаттар менен камсыз кылууга; Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жай ижарасына ай сайын компенсация төлөөгө; Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна; байланыш каражаттарын пайдаланууга чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлеринин штаттык санын 30 пайызга кыскартуу боюнча чараларды, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратын күтүүгө чыгымдарды азайтуу боюнча башка чараларды көрүү.

  1. Жогорку Кеңешке төмөнкүлөр сунушталсын:

— Жогорку Кеңештин тиешелүү финансы бөлүмү тарабынан даярдалган кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын долбоору Жогорку Кеңештин бардык комитеттери менен макулдашыла тургандыгын аныктоо. Кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын долбоору Жогорку Кеңештин аталган комитеттеринин бири менен макулдашылбай калган учурда комитеттер тарабынан каралуучу кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын макулдашылган долбоорун иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин өкүлдөрүнөн жана Жогорку Кеңештин финансы бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлөт. Кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын макулдашылган долбоору Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан республикалык бюджеттин долбоорун түзүүгө жооптуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлөт;

— учурдагы финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбестен ишке ашыруу республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу же болбосо анын киреше бөлүгүн кыскартууга алып келүүчү чыгымдардын көбөйүшүн талап кылган мыйзамдарды кабыл албоо;

— финансылык жылдын ичинде республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган чыгымдарга алып келген мыйзамдарды кабыл алууда учурдагы финансылык жылдан кийин алардын күчүнө кириши жөнүндө ченемдерди кабыл алынуучу мыйзамдарда караштыруу.

  1. Учурдагы финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин кабыл алынган жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аталган мыйзамда каралбаган чыгымдарга алып келген Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек жана учурдагы финансылык жылдан кийинки жылы каржылоо жүргүзүүнү караштырган ченемдерди камтууга тийиш деп белгиленсин.

Аталган ченемдик укуктук актылар кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан эске алынат.

  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартип жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды аныктоо үчүн прокурордун ыйгарым укуктарын максималдуу пайдалануу менен активдештирсин.

Эмгек акыны, жөлөкпулдарды төлөөгө жана калктын аялуу катмарын социалдык колдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурсун.

Бул чөйрөдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына квартал сайын маалымат берип турсун жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымдасын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

— өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

— 2022-жылдын IV кварталында ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча иштери жөнүндө аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын отчетторун карасын.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын
    23-апрелиндеги № 98 «Республикалык бюджетти үнөмдүү чыгымдоону камсыз кылуу, финансы тартибин чыңдоо жана мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салууга каршы күрөштү күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Указы күчүн жоготту деп таанылсын.
  1. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Н. Жапаров

Пикир

Оставить комментарий