• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Сүймөнкул Чокморов тагдырдын жазганын татыктуу көтөрдү

Президент 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Сүймөнкул агабыздын тагдыры, кыска өмүрү оор сыноолор менен коштолду. Таланты ташкындап, атагы ааламга жетип, алдыга дагы чоң максаттарды койгон кезде катуу дарт менен күрөшүүгө мажбур болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, Чокморов тагдырдын оор сыноосунан бийик нарк-насилин сактап өттү, улуу адамдын жүрүм-турумун, үлгүсүн көрсөттү.

"Сүймөнкул Чокморов тагдырдын жазганын залкар инсан катары татыктуу көтөрдү. Ошол жылдары да элибизге опол тоодой мээнет кылды, накта шедевр болгон сүрөт, чыгармаларын жаратты. Мынчалык темирдей эркти, чыныгы кайратты, жан кыйналып турганда да элим деп жашаган, майтарылбаган күчтү көрсөтүп, кыргыздын кыраан уулу Сүймөнкул Чокморов, бизге жашоонун дагы бир сабагын калтырып кетти", - деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий