• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына келди

Президент 0


Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда расмий иш сапары менен Түркия Республикасынын борбору — Анкара шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын учагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат, ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.

Пикир

Оставить комментарий