• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди

Президент 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.

Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий