• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Армениянын президенти менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Президент 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Армениянын президенти Армен Саркисян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн жана кыргыз-армян, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштардын келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров жана Армен Саркисян Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий