• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Кара-Бак айылынын жашоочулары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 25.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баарлашуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекеттик чек ара маселелерин жана башка приоритеттүү милдеттерди чечүү үчүн мамлекет колдон келгендин баарын жасап жатат.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар бүгүнкү жолугушуунун алар үчүн маанилүүлүгүн белгилешип, көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле, алар пенсия жана жөлөкпулдар сезилерлик көбөйгөндүгү үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден бери бул аймактын тургундарынын жашоо-турмушу акырындап жакшырып баратканын баса белгилешти.

Ушул эле жерде Садыр Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жолдун бөлүгүн жана ички көчөлөрдүн тротуарларын таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоордун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчыга план боюнча 3 км. жолго эксперименталдык түрдө таш төшөлөөрү боюнча маалымат беришти. Учурда 100 метр таш брусчатка төшөлгөн.

Бул ыкма жолдорду кадимкидей асфальттоодон арзан экени белгиленет. Маселен, 1 километр жолду таш брусчатка менен төшөө үчүн 6 млн. сом керектелет, таш төшөлмөнүн бекемдиги жана суукка туруктуулугу да жогору.

Маалыматты уккандан кийин Президент Садыр Жапаров жолду таш менен төшөп, куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, анда жол тилкесин табигый таш менен төшөөнүн мындай ыкмасын айылдын ички жолдоруна киргизүү маселеси карала турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий