• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, Эл аралык Түрк академиясы, ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Европа Бирлиги, АӨИЧК, ЖККУнун КМШ Аткаруу комитети, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров Кыргызстан буга чейин жетишилген эки жана көп тараптуу келишимдерге ылайык, бардык эл аралык милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткарып келгендигин жана мындан ары да аткара берерин баса белгиледи.

«Чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана финансы институттары менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө өтө чоң маани беребиз. Кыргызстан прагматикалык, тең салмактуу, көп векторлуу, ырааттуу жана ачык тышкы саясатты жүргүзөт. Бардык өнөктөштөр менен өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптерине негизденебиз. Мамлекеттин өнүгүүсүнө, элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна мүчө-мамлекеттердин интеграциясын чыңдоого багытталган туруктуу позицияны карманат жана Уюмдун алкагындагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнү жактайт. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин жана Евразия өнүктүрүү банкынын өркүндөөсүнө өзгөчө маани берет.

«Улуттук экономиканын туруктуу өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, инвестициялардын агымын көбөйтүү зарыл. Бул багытта Евразия экономикалык биримдигинин потенциалдуу рыногуна чыгуу максатында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүшүндө толук масштабдагы жетишкендиктерди күтөбүз.

Мындан сырткары, биз ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылууга абдан кызыкдарбыз. Заманбап чакырыктар менен дүйнөлүк коркунучтардын бүткүл спектрине каршы турууда ар тараптуу кызматташууга жана көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда көптөгөн тармактарда тыгыз өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн канааттануу менен белгилеп, Дүйнөлүк туруктуу өнүгүү максаттары жана өлкөнүн катышуучу болгон негизги эл аралык программалар боюнча бардык чараларды мындан ары да ишке ашыруу улантыларын айтты.

«Ошол эле учурда, биз Европалык өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Европа Бирлигинин бардык өлкөлөрү менен кызматташтыгыбызды кеңейтүүнү улантабыз жана бул үчүн зарыл болгон аракеттерди көрөбүз. Ал эми Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, ТүркПА, ТҮРКСОЙ жана Эл аралык Түрк академиясы менен мындан ары да жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга чоң үмүтүбүздү билдиребиз. Кыргызстан бул уюмдарга мүчө-мамлекеттер менен ар тараптуу конструктивдүү аракеттенүүнү чыңдоого салымын кошууга ниети чоң. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесин Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жана ишенимди чыңдоонун маанилүү механизми катары көрөт. Бул аянтча азыркы учурдагы дүйнөдө болуп жаткан татаал кырдаалда — өз актуалдуулугун жоготпошу керек деп эсептейм», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Эл аралык уюмдардын башчылары Садыр Жапаровду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттукташты.

Жолугушуунун катышуучулары президенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин чоң ишенимин көрсөткөнүн баса белгилеп, Садыр Жапаров прогрессивдүү лидер болуп, өлкө социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишет деген үмүттөрүн билдиришти.

Алар алдыда турган милдеттерди комплекстүү чечүү үчүн мындан ары да тыгыз кызматташууга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого даяр экендигин айтышты.

Эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү Садыр Жапаровго жооптуу ишинде ийгиликтерди каалашты.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен ачык диалогго жана өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоого даяр экендигин дагы бир ирет ырастады.

Пикир

Оставить комментарий