• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров «Газпром» компаниясынын төрагасынын орун басары Виталий Маркеловду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, «Газпром» ПАК башкармалыгынын төрагасынын орун басары жана Директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы «Газпром» Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү улантууга үмүт артып, эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну арттырууга даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Виталий Маркелов Садыр Жапаровдун Президенттик кызматына киришүүсүнө байланыштуу «Газпром» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин куттуктоосун жеткирди.

Өлкөдө жүрүп жаткан газ өткөрүү системасынын курулушу тууралуу билдирип, компаниянын жакынкы келечекке карата, анын ичинде үйлөр менен ишканаларды газдаштыруу жолу менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландары жөнүндө маалымдады. Ошондой эле ал «Газпром» жогорку социалдык жоопкерчилик принциби менен бир катар социалдык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий