• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров “Индия - Борбордук Азия” онлайн саммитинде сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда, онлайн форматта өтуп жаткан «Индия — Борбордук Азия» биринчи саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу премьер-министр Нарендра Моди,
Урматтуу мамлекет башчылары,

Баарыңыздарга салам жолдоп, „Индия — Борбордук Азия“ диалогунун алкагындагы биринчи саммиттинин демилгеси жана ага чакыруусу үчүн Индиянын урматтуу Премьер-министри Моди мырзага ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Кечээ Индия Республика күнүнүн 73 жылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Индия элин жана Сизди, урматтуу премьер-министр мырза, Республика күнү менен чын жүрөктөн куттуктап коюуга уруксат этиңиз! Сиздерге ден соолук жана бакубатчылык жана гүлдөгөн мамлекетти куруу жолунда мындан аркы ийгиликтерди каалайм!

Урматтуу кесиптештер!

Үстүбүздөгү жылы Борбордук Азия жана Индия мамлекеттери эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатышат. Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттин аркасында өлкөлөрүбүз достук мамилелерди куруп, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүштү жана саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармактарында кызматташууну өнүктүрүүдө. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы Индия тараптын мааракелик жылда мамлекет башчыларынын деңгээлинде Индия-Борбор Азия диалогун өткөрүү демилгесин колдойт, бул өз ара регионалдык жана жемиштүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп ишенем. Биздин диалог аймактар аралык кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча ачык пикир алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосунда салттуу достукка жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең саясий түшүнүшүү бар. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз кызыккан бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-коргоо, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарында өнүгүп жаткан өз ара пайдалуу, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түздүк.

Жыйынтыктап айтканда, коронавирустук инфекциянын пандемиясынын кезектеги „толкунунун“ жайылышына байланыштуу биздин биринчи саммитти онлайн өткөрүүгө туура келгенине өкүнүч менен билдиргим келет. Кийинки саммитте бетме-бет жолугабыз деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!».

Пикир

Оставить комментарий